Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-февралы № 8
“2019-жылга карата Боз-Учук айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө” Боз-Учук айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы Жылтырова Динаранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана “2019-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып Боз-Учук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата кирешелер жана чыгымдар боюнча бюджети 8653,8 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2019-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 5702,7 мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин .
3. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн чыгымдары төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган киреше жана чыгашаларды мыйзамдуу түрдө толук аткаруу үчүн багытталган иш-чараларды ишке ашыруу милдеттендирилсин. 2019-жылы бюджетке түшкөн кирешелердин көлөмүндө , биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө , социалдык фонд төлөмдөрүн чегерүүгө жумшалсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |