Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №106/XXXII - 1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу
Мамлекеттик салык башкармалыгынын 2019-жылдын 14-октябырынын №06-12 /1782-катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине, ылайык Кайынды шаардык Кенешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу Кайыңды шаардык кенешинин 2019-жылдын 21-августундагы №104/ХХХI-1 токтому жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |
Кайынды шаардык кенешинин
«___»________2019ж. № _______
токтомуна карата
тиркеме 1
№2 келишим
Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик айрым ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
«_____»_________2019ж. Кайыңды ш.
1. Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-январында №16 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө”Жобонун негизинде аракеттенген_Мамлекеттик салык кызматынын Панфилов району боюнча башкармалыгынын_начальниги__Бектеналиев Азамат Дуйшенбековичтин атынан, мындан ары “аймактык салык органы” деп аталуу менен,бир тараптанжана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө”жобонун негизинде аракеттенген Иманкулов Эркин Токтаалиевич атынан, Кайыңды шаарынын Мэриясы мындан ары Кайыңды шаарынын Мэриясы “деп аталуу менен, экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү.
2. Келишимдин предмети
2.1.МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгы Кайыңды шаарынын Мэриясына төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берет:
1) ыктыярду жана милдеттуу патенттин негизинде салык чогултуу;
2) мулк салыгын чогултуу;
3) жер салыгын чогултуу;
4) Салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн мүлк салыгын, жер салыгын, милдеттүү патенттин негизинде салыктык жана ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө боюнча документтерди алуу укугу.
2.2. Кайыңды шаарынын Мэриясы жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүлүп берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. МСКнынПанфилов району боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүдө төмөнкү укуктарга ээ:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылышын котролдоого;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселеси боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгонактыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жол берилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү буйрук берүүгө;
- Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө”Жободо (мындан ары – Жобо) белгиленген отчеттор жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан маалымат алууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Мыйзамындажанаушул келишимдебелгиленгенучурларда жана тартипте,мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүжөнүндөкелишимдимөөнөтүнөн мурда бузуунудемилгелөөгө.
3.2.МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аталган, ошондой эле ага керектелүүчү материалдык, каржылык ж.б. каражаттарды көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын алкагында методикалык, уюштуруучулук, кеңеш берүү жана башка жардамдарды көрсөтүүгө;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарга байланыштуу маалымат, материалдады, документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талап кылуу;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткаруужүктөлгөнадистердинквалификациясын жогорулатуу максатындаокутууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоого.
4. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери
4.1.Кайыңды шаарынын Мэриясы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдан методикалык, уюштуруучулук, кеңеш берүүчү жана башка жардамдарды алууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткарууда жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү буйругун сот тартибинде даттанууга;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Мыйзамындажанаушул келишимдебелгиленгенучурларда жана тартипте,мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүжөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунудемилгелөөгө.
4.2.Кайыңды шаарынын Мэриясы өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ага өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана келишимге ылайык ишке ашырууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу бөлүгүндө мамлекеттик органдын тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү үчүн шарт түзүүгө;
- мамлекеттик орган тарабынан квалификацияны жогорулатуу үчүн жүргүзүлгөн окутууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыз кылууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жол берилген мыйзам бузууларды жоюу боюнча салык органдарынын жазма буйругун аткарууга;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органга Жободо белгиленген мөөнөттө отчет берүүгө;
- өткөрүлүп берилген салыктарды чогултуу боюнча айлык, кварталдык жана жылдык болжолдук планды сапаттуу аткарууга жана салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так сактоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышы жана аларды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана каржылык каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетторду берүүгө; - берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган каражаттарды белгиленген тартипте кайрадан артка кайтарууга;
5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси
5.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, Кайыңды шаарынын Мэриясынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу муниципалдык кызматчы болуп саналат.
5.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КР Салык кодексин, КР Бузуулар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Кайыңды шаарынын Мэриясынын аткаруучу адисинин айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин укуктарынын жана милдеттеринин толук тизмеси көрсөтүлүшү керек.
6.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө материалдык, каржылык жана башка ресурстар менен камсыз кылуу
6.1. Мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө жол берилет.
6.2.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүзөгө ашыруусуна каржы каражаттарынын көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизинде аныкталат.
6.3. Ушул келишимдин 9.2. пунктунда көрсөтүлгөн трансферттердин көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилип, трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө усулунун негизине ылайык келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
6.4. Ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү каржы каражаттары Кайыңды шаарынын Мэриясынын бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмүндө берилет жана келерки жылдын каржылыгы үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаларынын түзүмүндө чагылуусу керек.
6.5. трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адисинин эмгек акысы;
-берилген ишти бүтүрүүгө кеткен чыгымдар: транспорттук чыгым, байланыш кызматы, канцелярдык жана турмуш-тиричилигине кеткен чыгымдар;
6.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси макулдашуу откоруп беруу жана кабыл алуу акты боюнча аныкталат.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеси макулдашуу боюнча аныкталат.
7. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Кайыңды шаарынын Мэриясы берилген ыйгарым укуктардын аткарылышы боюнча маалыматтарды жана отчетторду Жободо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-январында №16 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө аныкталган мөөнөттө МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгы камсыз кылат.
8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын мамлекеттик орган тарабынан контролго алуу тартиби
8.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо (мындан ары – контролдоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамындагы жана келишимдеги талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.
8.2. Кайыңды шаарынын Мэриясы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгы контролго алат.
8.3.Ыйгарым укуктуу салык органы жана МСКнын Панфилов району боюнча башкармалыгы:
- аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук жиберүү укугу менен,өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын Кайыңды шаарынын Мэриясы тарабынан толугу менен сапаттуу аткарылышын контролдойт;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле, алардын Кайыңды шаарынын Мэриясынын органы тарабынан ишке ашырылышы боюнча методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын котролго алат;
- келишимде каралган учурларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын токтотуу жана ушул келишимди бузуу тууралуу сунушту даярдап, жогору турган органга киргизет.
8.4. МСКнын Панфилов району өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын Кайыңды шаарынын Мэриясынын тарабынан ишке ашырылышын төмөнкү түрдө контролдойт:
- Кайыңды шаарынын Мэриясынын ишин, анын ичинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын координациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан өткөрүп берүү жөнүндө келишимде же мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышынын жыйынтыгы тууралуу отчет алууга;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ишин, анын ичинде өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын текшерүү;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына сунуштарды берүү;
- мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук жагынан алганда, Кайыңды шаарынын Мэриясы тарабынан кабыл алынганчечимдердибаалоо.
9. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын келишимди бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
9.2. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү 1 (бир) жыл.
Эгерде, тараптардын бири да ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттардаузартылат.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Келишимге өзгөртүү жана толуктоо тараптардын макулдугу менен киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жанажана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынынкелишимге өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнү бекитүү жөнүндө токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу негизи жана тартиби
11.1. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кайыңды шаарынын Мэриясынын тарабынан ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
-келишимди колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
- соттун келишимди жараксыз деп таануу жөнүндөчечимимыйзамдуу күчүнө киргенде;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн алып салуучу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууда;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыөз алдынча ишке ашыруу жөнүндөмамлекеттик орган чечим кабыл алганда (келишимдинкүчүн мөөнөтүнө чейин бузуу);
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүпберүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамында жана/же келишимде белгиленген шарттарда жана тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органыбаш тартканда(келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу).
11.2. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу МСКнын Панфилов району же Кайыңды шаарынын Мэриясы демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым Кайыңды шаарынын Мэриясынын тарабынан аткарылышын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан көз каранды эмессебептер боюнчаболуп калат;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну жана (же) берүүнүн шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.4. МСКнын Панфилов району тарабынан өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мындан ары ишке ашыруусун,анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик орган тарабынанмаксатка ылайыксыз деп табылуусу;
- өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну жана (же) берүүнүн шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын биринин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген тарап өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
11.6. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн ичинде карап чыгууга жана билдирүүнүн кароонун жыйынтыгы жөнүндө башка тарапка кабарлоого милдеттүү.
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтотулат.
11.7. Билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндө жооп келбесе же 30 күн аралыгында башка тараптын өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул эмесболсо, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү маселе сот тартибинде чечилет.
11.8. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан токтотулган күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берген мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.
11.9. Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткаруудан баш тартуу, токтотуу жана тоткотуп туруу жөнүндө Кайыңды шаарынын Мэриясы аткаруучу органынын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
12. Тараптардын жоопкерчиликтери
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгыукуктарын басмырлагандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн күнөөлүү тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12.2. Шаардын мэри өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү деңгээлде аткарылышы жана ушул келишимдеги жоболордун так аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө жаралган бардык талаштар жана пикир келишпестиктер тараптардын өз ара сүйлөшүү жолу менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана койгон колдору
МСКнын Панфилов Кайыңды шаарынын
району Мэриясы
Кайыңды ш. Садовый к 7 Каныкей к. 19
Бектеналиев А.Д.________ Иманкулов Э.Т._________