Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №108/XXXII - 3
“Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу жана Кайыңды шаарынын жолдорун салуу тармагында алгылыктуу эмгеги үчүн Варченко Петр Ивановичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.
2. Кайыңды шаарынын жолдорун, суу түтүктөрүн оңдоп алмаштырууга активдүү катышгандыгы жана Кайыңды шаарынын жашоосундагы алгылыктуу эмгеги үчүн Калыбаев Нурадил Муктаровичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.
3 .Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу жана Кайыңды шаарынын көчөлөрдүн жарыктандыруу тармагында алгылыктуу эмгеги үчүн Еритинов Андрей Игоревичке “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |