Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №123 / ХIX -27
Ачык акционердик коомунун 670,4 айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланганы үчүн 2 091 260 суммасындагы акча каражатты өндүрүп алуу чараларын көрүү жана айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине мыйзамсыз ээ болуу жана пайдалануу жана ошондой эле мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдраевдин Ак-Кудук айыл өкмөтү жана “МИС” ачык акционердик коомунун ортосундагы 670,4 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча суроо талаш жагдайы, “МИС” ачык акционердик коому тарабынан сот доосу тууралуу жана 2 091 260 (эки миллион токсон бир миң эки жүз алтымы) сом 670,4 га айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин 2019- жылы пайдаланганы үчүн сот аркылуу өндүрүү маселеси тууралуу, “МИС” ачык акционердик коому менен келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн жерлерди мыйзамсыз колдонуудан чыгаруу жана ошондой эле жогорудагы көрсөтүлгөн доо арызын берүү үчүн 62826 (алтымыш эк миң сегиз жүз жыйырма алты ) сом мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу маалыматын угуп, талкуулап
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Кудук айыл өкмөтү 670,4 га чарба жерлеринини мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн жана 2 091 260 (эки миллион токсон бир миң эки жүз алтымы) сом акча каражатын өндүрүү жана “МИС” ачык акционердик коому көрсөтүлгөн жерлерди мыйзамсыз ээ болуу жана колдонуудан чыгаруу боюнча доо арызын беришсин.
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн бюджетинен жогорудагы көрсөтүлгөн доо арызын берүү максатта 62826 (алтымыш эки миң сегиз жүз жыйырма алты ) сом мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев |