Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июлу №126 XIX-27
Ак-Кудук айылдык өкмөтүндө муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө жана Уставын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында таштандыларды чогултуу, айлананы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жана иш-аракеттерди аткаруу максатында муниципалдык ишкана ачуу муктаж болуп жаткандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдраевдин маалыматын угуп жана талкуулап
АК КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Кудук айыл аймагында мунципалдык ишкананын ачылуусуна уруксат берилсин.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагынын “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты ” мунципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
3. Бекитилген Ак-Кудук айыл аймагынын “Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” мунципалдык ишканасынын Уставы Чүй облустук юстиция башкармалыгына жактан катары каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.
4. Бул токтом жана устав Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн ak-kuduk-ao.org.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтомду аткаруу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдраевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Суваналиев
|