Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №1
2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2019-жылдын 26-августундагы кезексиз 24-сессиясы, Акназаров айылдык аймагынын финансы экономика болүмүнүн башчысынын сунушун угуп , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы
А.Кенебаеванын аталган маселе боюнча билдирүүсу эске алынсын.
2. Башкаруу аппарат бөлүмүнүн 3112 статьясындагы ( Машина жана жабдуу алуу)-
250,0 миң сомдун ичинен:
-Башкаруу аппарат бөлүмүнүн -2212 статьясына -125,0 миң сом интернет линиясын
тартууга ,
-Бала бакча бөлүмүнүн 3112 статьясына -35,0 миң сом Н.Алибиева бала бакчасына
плита алууга,
-Клуб бөлүмүнүн 2215 статьясына-60,0 миң сом Улуттук Көчмөндөр оюнуна,
-Турак жай бөлүмүнүн 2215 статьясына-30,0 миң сом Көк-Таш айылынын Рамазан көчөсүнө суу түтүктөрүн алууга,
3. Билим берүү(мектеп) бөлүмүнүн 2215 статьясындагы (Ар кандай чыгымдар)-40,0 мин сомдун ичинен:
-Башкаруу аппарат бөлүмүнүн 2215 ст. Мугалимдер күнүнө карата -15,0 миң сом жана -25,0 миң сом Таш-Кудук айылындагы курулуп жаткан газондун ачылышына жылдырылып берилсин. .
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетине (справка уведомление ) аркылуу тактоолорду жүргүзүү милдети айыл өкм өтүнүн ФЭБ башчысы А.Кенебаевага жүктөлсүн.
5. Токтомду көзөмөлдөө жагы финансы комиссиясынын төрагасы М. Манасовго жүктөлсүн.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |