Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2019-жылдын 26-августундагы кезексиз 24-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17- мартындагы №145 токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын айрым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишиминин негизинде Акназаров айыл өкмөт башчысы У.Тынысовдун кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Акназаров айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Киреше боюнча башкы адистин ыйгарым укуктарын Акназаров айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Р.Рысматов |