Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 7-майы ПЖ № 164
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН
АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам
укугу боюнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республнкасынын
Президентинин 1997-жылдын 5-июлундагы Указына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча
комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү
жана анын мамлекет башчысы адамдын жана Кыргыз Республикасынын жараны-
нын укуктарынын жана эркиндиктеринин гарантынын конституциялык ыйгарым
укуктарын турмушка ашырышында ага көмөк көрсөтүү боюнча ишин өркүндөтүү
максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу бо-
юнча комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын
5-июлундагы № 204 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө Жобого төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пунктта:
үчүнчү жана төртүнчү абзацтар бир үчүнчү абзацка бириктирилсин жа-
на төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү:
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу
жана коргоо механизмдерин өркүндөтүүгө;
адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул
жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүүгө;
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук жактан маалымдар болушун
өнүктүрүүгө;
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жагынан
эларалык уюмдар, чет өлкөлүк коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен
кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө.";
- 4-пунктта:
үчүнчү-сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эр-
киндиктерин камсыз кылуу жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча
чараларды караган ишаракеттердин улуттук планын иштеп чыгууну жана тур-
мушка ашырууну координациялайт;
аталган чөйрөдө ООНдун, ОБСЕнин жана башка ыйгарым укуктуу элара-
лык уюмдардын алдында адамдын жана жарандын укуктарын камсыз кылуу,
коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын отчетторун даярдоого жана су-
нуш кылууга катышат;
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин-
диктерин камсыз кылуу жана коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишинин
мониторингин жүзөгө ашырат;
өзүнүн жыйналыштарында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркин-
диктерин камсыз кылуу жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республика-
сынын мамлекеттик органдары сунуш кылган материалдарды (отчетторду, ма-
алыматтарды, докладдарды) карайт;
Кыргыз Республикасынын Президентине төмөнкүлөр боюнча сунуштарды
даярдайт:
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу
жана коргоо механизмдерин өркүндөтүү;
адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул
жаатындагы эларалык стандарттарга ылайык келтирүү;
Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук жактан маалымдар болушун
өнүктүрүү;
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жагынан
эларалык кызматташтыкты жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу
жана коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Ом-
будсмени), өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү тиешелүү мамлекеттик структу-
ралар, укук коргоочу жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"7. Комиссия комиссиянын төрагасынын жана кеминде он мүчөсүнүн ку-
рамында түзүлөт, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
дайындалат, мамлекеттик кызматчы болуп саналат жана Кыргыз Республика-
сынын Президентинин Администрациясынын курамына кирет.".
2. Турсунбек Акун Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
Адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын төрага-
сы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча ко-
миссиянын жекече курамы боюнча макулдашылган сунуштарды жети күндүк
мөөнөттө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-
чиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структура-
сына жана штаттык санына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана
мамлекет башчысынын башка ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев