Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-февралы № 9
2019-жылдын 1-январына карата Боз-Учук айыл өкмөтүнүн эсеп-счетунда калган акча каражаты жөнүндө, Боз-Учук айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Жылтырова Динаранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып Боз-Учук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январына карата Боз-Учук айыл өкмөтүнүн эсеп-счетунда калган 811406 мин сом акча каражатынан Ичке-Жергез айылынын ички жолдоруна , айылдын ичине көпүрөлөрдү орнотууга жана айылга курула турган бала бакчанын жерин изилдөө үчүн 228,8 мин сом, Боз-Учук айылынын ички көпүрөлөрүн ондоого жана ички жолдорун түздөп, аралашма кум таш топурак төгүү үчүн 128,3 мин сом, Ново-Вознесеновка айылынын ички жолдорун ондоого , Т.Алсеитова атындагы маданият үйүнө музыкалык аппаратуранын комплектисин , терезе, эшик пардоолорун жаныртууга 200,0 мин сом, М.Жусупов атындагы мектептин ашканасына 27,0 мин сом, кичи футболдук аянтчанын курулушунун жерин изилдөөгө 30,0 мин сом, айыл өкмөтүнүн архивдик документтерин сактоого атайын темир сейф үчүн 20,0 мин сом, архивдик документтерди ирээтке келтирип өткөрүүгө 12,0 мин сом жана айылдын ички жолдорун ондоого, аралашма кум таш топурак төгүүгө , көпүрө салууга, кызмат көрсөтүүгө 165,3 мин сом бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жана айылдык Кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |