Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры. №5-1
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2019-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып корутундусунун негизинде жана Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Бердиеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 22619,4мин сомго бекитилсин.
2. 2019-жылга карата Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атайын каржатынын кирешелер жана чыгашалары 1638,0мин сомго бекитилсин.
3. Атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана корголгон статьяларды биринчилерден болуп каржылоо жагы каралсын (эмгек акы, соц фонд. Комуналдык кызмат жана башкалар).
4. Айыл өкмөткө 2019-жылдын бюджетине берилүүчү толуктоо грант 5296,7мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. 2019-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү башкаруу аппараттын каржылоосуна7223,5мин сомго, айыл чарбасына 170,0мин сом, жайытка 166,7мин сом, турак-жайга 10093,8мин сом, библиотекага 211,8мин сом, маданиятка 198,1мин сом, бала бакчага 1535,4мин сом, билим берүүгө 1760,1мин сом, соц жардамга 660,0мин сом өлчөмүндө бекитилгени менен суралсын.
6. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн атайын каражаты 1638,0мин сом бала бакчага жумшалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлунун №403 токтомуна ылайык аппарат кызматкерлердин 33 штат бирдиктери каралсын, анын ичинен 4 айыл башчысы жана 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
8. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн башчысы жана ФЭБ башчысына айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укутук негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесине ылайык айылдык кенештин депутаттарынын макулдугу менен уруксат берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Кыргыз Республикасындагы бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 223,0мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана киреше, чыгаша бөлүмдөрү боюнча Төлөйкөн айылдык кенештин төрагасы жана айылдык кенешинин финансы жана бюджет комитетине 6-9 айлык жыйынтыгы боюнча, билдирүү берип туруу жагы ФЭБ башчысы Г. Бердиевага милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |