Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-5
Төлөйкөн айылдык кенешинин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кенешинин 2019-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндөгү Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасы К. Турдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык кенешинин 2019-жылга карата иш-планы тиркемеге ылайык кошума алымчалары менен кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |
«Бекитемин»
Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасы ______________ К. Турдиев
Депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеёешинин
кезектеги 5-сессиясынын №5 токтомуна тиркеме
Депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеёешинин 2019-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
VI-сессия
Айылдык кеёешинин төрагасы–К. Турдиев январь 2019ж
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2019-жалга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жөнүндө маалымат.
Докладчы –Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары январь 2019ж
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы жөнүндө
докладчы- С.Токсонбаев январь 2019-ж
3. Төлөйкөн айыл өкмөтү боюнча түзүлгөн «Айыл активдерин» бекитүү жөнүндө
Докладчы жооптуу катчы январь 2019-ж
4. Төлөйкөн айыл аймагындагы арык каналдарды тазалоо, эгин талааларын суу менен камсыз кылуу жана суу акыларынын өндүрүлүшү жөнүндө
Докладчы – Жаны-Арык СПАсынын жетекчиси февраль 2019-ж
5.Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн индикативдик болжолу жана 2018-2023-жылдарга карата стратегиялык жана инвестициялык өнүгүү планы жөнүндө.
Айыл өкмөт статист-экономист февраль 2019-ж
6. Ар түрдүү маселелер
VII-сессия
КР Президенти, КР Өкмөтүнүн, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чыгарылган жарлыктар, токтомдор жана буйруктарын ишке ашыруу жөнүндө.
Докладчы – жооптуукатчы май 2019-ж.
Айыл аймагындагы жарандардын малдарын каттоо жана жайытка даярдоо боюнча ветеринардык кызматкерлердин маалыматы
Докладчы вет адис М. Джолчиев май 2019-ж.
Төлөйкөн айыл аймагында жаздык эгиндерди эгүү боюнча жүргүзүлгөн иштери жөнүндө.
Докладчы -Төлөйкөнайылөкмөтүнүнбашчысынын
орун басары май 2019-ж.
Төлөйкөн айыл өкмөтү боюнча салык инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат
Докладчы салык инспектор– Ж. Омаров май 2019-ж.
Төлөйкөн айыл өкмөтү боюнча участкалык инспекторунун жарандардан түшкөн арыз даттануулар жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.
Аймактык тескөөчүлөр. май 2019-ж.
Төлөйкөн айыл аймагын тейлеген Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармасы жана райондук архитектура башкармасынын адистеринин маалыматтары.
Башкармалыктын адистери. май 2019-ж.
5 мандаттуу Төлөйкөн шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүү боюнча отчеттору.
2 мандаттуу Озгур шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүү боюнча отчеттору.
Докладчы: Депутаттар.
Ар түрдүү маселелер
VIII-сессия
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин аткарылышын жарым жылдык отчету жана бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы:
Докладчы- айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Бердиева
август – 2019-жыл.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында иштеп жаткан инвестициялар, аларды тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча билдирүү жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерди 2019-2020-жылдарына даярдыгы жөнүндө билдирүү.
Докладчы- айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлери
Мектеп директорлор август – 2019-жыл.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарын жарандык паспорт менен камсыз кылуу жана аскер кызматына чакыруу боюнча ВУС инспекторлорунун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат.
Докладчы - ВУС инспектор А.Жороев. август – 2019-жыл.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн айыл активдеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматтары.
Докладчы -жооптуу катчы. август – 2019-жыл.
Кылкандуу дан-эгиндерин оруп жыйноого даярдык көрүү жана күзгү дан эгиндерин себүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат
Докладчы- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. август – 2019-жыл.
5 мандаттуу Учар шайлоо округунан шайланган депутаттардын депутаттык ишти жүргүзүү боюнча отчеттору.
3 мандаттуу Жапалак шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүү боюнча отчеттору.
Докладчы- депутаттар. август – 2019-жыл.
Ар түрдүү маселелер.
IX-сессия
Төлөйкөн айылдык кенешинин 2020-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө маалымат.
Докладчылар айылдык кенешинин туруктуу комиссиялары, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери. ноябрь –декабрь 2019-ж.
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери боюнча отчеттору.
Айыл башчылар. ноябрь –декабрь 2019-ж.
4 мандаттуу Кыргызстан шайлоо округунан шайланган депутаттардын депутаттык иштери боюнча жүргүзүп жаткан отчеттору.
Докладчы- айылдык кенештин депутаттары ноябрь –декабрь 2019-ж.
10 мандаттуу Дыйкан-Кыштак шайлоо округуна шайланган депутаттардын депутаттык иштерди жүргүзүү боюнча отчеттору.
Докладчы -Айылдык кенештин депутаттары. ноябрь –декабрь 2019-ж.
Төлөйкөн айылдык кенеишинин туруктуу комиссияларынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрү.
Айылдык кенешининин туруктуу комиссияларынын
төрагалары. ноябрь –декабрь 2019-ж.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык обьектилердин жана кожолуктардын кышка даярдыгы боюнча маалымат.
Докладчылар У.Кадыров, ФЭБ башчысы Г.Бердиева
ноябрь –декабрь 2019-ж.
Ар түрдүү маселелер
Төлөйкөн айылдык кенешинин жооптуу катчысы: | З. Мазаев. |