Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-7-1
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,13 га жер аянтын максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы С.Токсонбаевдин “Мал чарбасы жана рынокту өнүктүрүү долбоору -2” алкагында келген проектти ишке ашыруу максатында даярдаган баяндамасын угуп, муниципалдык менчиктеги 0,13 га жер аянтын максаттык багытын өзгөртүү максатында депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги социалдык багыттагы 0,13 га жер аянтын ветеринардык даарыкана курууга өзгөртүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Х.Сулаймановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |