Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-10
Төлөйкөн айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы жаёы конуштардын көчөлөрүнө наам берүү боюнча элдик жыйындын протоколун, иш кагаздарын карап, айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымдары төмөнкү көчөлөргө ыйгарылсын:
Озгур айылынын №4,6,7 көчөлөрүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Турдиев Топчубайдын ысымы ыйгарылсын.
1.2 Озгур айылынын №1 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батыров Абдуваптын ысымы ыйгарылсын.
1.3 Озгур айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери №2 көчөсүнө Токтосунов Жоробайдын ысымы ыйгарылсын.
Озгур айылынын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери №3,5 көчөсүнө Калмурзаев Султанбектин ысымы ыйгарылсын.
Төлөйкөн айылынын Автодром учатскасынын №1,2,3 көчөлөрүнө эмгектин ардагери Закиров Айтибайдын ысымы ыйгарылсын.
Төлөйкөн айылынын Автодром учатскасынын №4,6,7 көчөлөрүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Матиев Карыбектин ысымы ыйгарылсын.
Төлөйкөн айылынын Зеленстрой учатскасынын жаны конуштарынын бирине эмгектин ардагери Боронбаев Тураттын ысымы ыйгарылсын.
Төлөйкөн айылынын жаны конуштарынын бирине эмгектин ардагери Раев Кожонун ысымы ыйгарылсын.
Төлөйкөн айылынын жаны конуштарынын бирине эмгектин ардагери Абдиев Жээнбекти ысымы ыйгарылсын
Жапалак айылынын жаны конуштарынын биринчи көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кайназаров Толонбайдын ысымы ыйгарылсын.
Жапалак айылынын Жапалак көчөсүнө удаалаш турган көчөгө эмгектин ардагери Абдукаримов Абдылаздын ысымы ыйгарылсын.
Дыйкан-Кыштак айылынын Жаны-Турмуш участкасынын ортонку көчөсүнүн эмгектин ардагери Азимов Нематжандын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын Төлөйкөн деп аталып жүргөн көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Толонбаев Райымжандын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын Достук деп аталып жүргөн көчөсүнө эмгектин ардагери Орунбаева Санталатхандын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын № 2 көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Раимкулов Жоронун ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын № 3 көчөсүнө эмгектин ардагери Султанова Кимсандын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын № 4 көчөсүнө милициянын старшинасы Торобаев Эсендин ысымы ыйгарылсын.
Учар айылынын ички көчөлөрүнүн бирине Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолдошов Эркинбайдын ысымы ыйгарылсын.
Учар айылынын ички көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Дубанаев Алымжандын ысымы ыйгарылсын.
Учар айылынын ички көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Парпиев Турдубайдын ысымы ыйгарылсын.
Учар айылынын ички көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Маткасымов Осмондун ысымы ыйгарылсын.
Учар айылынын ички көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Батыров Исакбайдын ысымы ыйгарылсын.
Дыйкан-Кыштак айылынын Жаны-Турмуш участкасынын көчөлөрүнүн бирине оган согушунун ардагери Шербабаев Шахабидиндин ысымы ыйгарылсын.
Дыйкан-Кыштак айылынын Полевая жана Х. Салиев чолок көчөлөрү деп аталып жүргөн көчөлөрүнө Мирзаев Неөматулланын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылыны Дөбө участкасынын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Халматов Султандын ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын М. Бегиев көчөсүнөн Дөбө участкасына карап кеткен көчөгө эмгектин ардагери Карабаева Турдуштун ысымы ыйгарылсын.
Кыргызстан айылынын Дөбө участкасынын көчөлөрүнүн бирине Кабылов Насирдиндин ысымы ыйгарылсын.
Дыйкан-Кыштак айлынын №18 көчөсүнө эмгектин ардагери Эшбаев Токтомаматтын ысымы ыйгарылсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |