Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-10/1
Төлөйкөн айыл аймагындагы Коргон участогунда жайгашкан 0,20 га жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон участогунда жайгашкан 0,20 га жер тилкеси боюнча чыгарылган 2018-жылдын 21-сентябрь айындагы Ош облустук райондор аралык сотунун чечимин, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 26-октябрь айындагы № 1-44-3491-8 сандуу мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө талабын, айыл өкмөттүн жер адиси А. Арзимбековдун билдирүүсүн угуп, Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Ош облустук райондор аралык сотунун 2018-жылдын 21-сентябрь айындагы чечиминин, ошондой эле, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 26-октябрь айындагы № 1-44-3491-8 сандуу мыйзам бузуучулуктарды четтетүү жөнүндө талабынын негизинде, Төлөйкөн айыл аймагынын Коргон участогунда жайгашкан 0,20 га жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын.
2. Бул токтомдун мыйзамдуулугу жана аткарылышы Төлөйкөн айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Х. Ж. Сулаймановко жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |