Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы №6-2
Төлөйкөн айыл аймагынын калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо жана жалпы жер фондун инвентаризациялоо боюнча аткарылган иштерди бекитип берүү жөнүндө
Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагынын калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо жана жалпы жер фондун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институнун Ош облусттук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарын карап чыгып, Төлөйкөн айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагынын калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо жана жалпы жер фондун инвентаризациялоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институнун Ош облусттук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарынын жыйынтыгы бекитилсин.
2. Ушул токтомдогу көрсөтүлгөн калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо жана жалпы жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгын макулдашуу жагы Кара-Суу районунун айыл аймактарынын калктуу конуш жерлеринин чек араларын тактоо жана жалпы жер фондуна инвентаризация жүргүзүү боюнча түзүлгөн ра йондук комиссиясына сунушталсын.
3. Мыйзамдуулугун тактап аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жана жер адистерге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энегргетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |