Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы №6-5
Төлөйкөн айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы жаёы конуштардын көчөлөрүнө наам берүү боюнча элдик жыйындын протоколун, иш кагаздарын карап, талкуулап чыгып депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымдары төмөнкү көчөлөргө ыйгарылсын:
1.1 Жапалак айылынын ички көчөлөрүнө Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Жумабаев Сансызбайдын ысымы ыйгарылсын.
1.2. Кыргызстан айылынын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Нурматов Маткасымдын ысымы ыйгарылсын.
1.3. Учар айылынын көчөлөрүнүн бирине эмгектин ардагери Сатаров Абдибаиттин ысымы ыйгарылсын.
1.4. Жапалак айылына тылдын жана эмгектин ардагери Тураев Абдимиталиптин ысымы ыйгарылсын.
1.5. Кыргызстан айылынын Жаштык көчөсүнүн Бердибекова Уулкандын үйүнөн Эгембердиев Зариптин үйүнө чейин эмгектин ардагери Мырзаев Кочкордун ысымы ыйгарылсын.
1.6. Кыргызстан айылынын Жаштык көчөсүнүн Калыбеков Манастын үйүнөн Рыскулов Абдивалинин үйүнө чейин эмгектин ардагери Нуралиев Анарбайдын ысымы ыйгарылсын.
1.7 Учар айылынын Жаны Учар №2 көчөсүнө эмгектин ардагери Ташпулатов Бегалинин ысымы ыйгарылсын.
2. Аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучусу З. Мазаевге жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |