Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-майы №6-8
Учар айылынын эски балдар бакчасына даярдалган АПШны 90 орундуудан 50 орундууга өзгөртүп берүү жөнүндө
Учар айылынын 13.08.2014-жылкы 90 орундуу балдар бакчасын куруу үчүн даярдалган АПШты акча маселеси тартыш болгондугуна байланыштуу 50 орундуу АПШын өзгөртүп берүү үчүн С. Токсонбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар айылынын эски балдар бакчасына даярдалган АПШны 90 орундуудан 50 орундууга өзгөртүлсүн.
2. АПШны 90 орундуудан 50 орундууга даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |