Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №7-1
Дыйкан-Кыштак айылындагы муниципалдык менчиктеги 1,71га, 0,11га, 0,13га жер аянттарынын максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылындагы муниципалдык менчиктеги 1,71га, 0,11га, 0,13га жер аянттарынын максаттык багытын өзгөртүү боюнча А. Арзимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Дыйкан-Кыштак айылындагы муниципалдык менчиктеги 1,71га, 0,11га, 0,13га жер аянттарынын максаттык багытын муниципалдык жер тилкесине көп кабатуу турак-үйлөрдүн тобун төмөнкү кабаттарына социалдык-медициналык борборлору менен долборлоого өзгөртүү жагы Кара-Суу районунун шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын алдында боло турган архитектуралык-шааркуруу кенешмесине сунушталсын.
2. Мыйзамдуулугун тактап аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адистерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |