Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-февралы № 11
Боз-Учук айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн жер комиссиясынын 08.02.2019-жылдагы отурумунун чечимин карап чыгып жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого» ылайык айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө 2008-жылдагы келечек планда көрсөтүлгөн жерлер категорияларына жараша бекитилсин.
2. Биринчи категориядагы жерлер аукцион аркылуу берилсин жана биринчи категориядагы жерлердин баштапкы баалары төмөндөгүдөй бекитилсин: 1.№100 контур – 6000 сом өлчөмүндө, .536 контур – 3000 сом, 385 контур – 2500 сом, 734 контур – 3000 сом, 1 контур- 2500 сом, 9 контур -3000 сом.
3. Конкурска койулуучу жерлердин баштапкы баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. 3 контур – 2000 сом өлчөмүндө, 197 контур – 1000 сом, №136 контурдагы 12 гектар жердин баштапкы баасы – 1000 сомдон, калган 27,90 гектар жер – 500 сомдон, 210 контур-1000сомдон, 221 контур- 1000 сомдон, 619 контур-500 сом, 200 контур -1000сом, 7 контур – 1500 сом, 268 контур – 1000 сом, 206 контур -500 сом, 215 контур -1000сом, 214 контур -1000 сом, 218 контур -500 сом, 835 контур -500 сом, 162 контур -500 сом, 177 контур -500 сом, 178 контур -500 сом, 794 контур -1000 сом, 961 контур – 300 сом, 960 контур -300 сом, 952 контур -300 сом, 953 контур -300 сом, 995 контур -300 сом, 418 контур -2000 сом, 719 контур-1500 сом, 68 контур -500 сом, 77 контур -500 сом, 69 контур -500 сом. 204 контур- 1000сом, 227контур -1000ом, 226 контур-1000 сом.
4. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга ижарага берилип жаткан жердин 20 % га чейинки жерлер берилсин.
5. Чокуев жана Жусупов орто метептеринин ижара келишимдери бүтүп жаткандыктарына байланыштуу колдонуп жүргөн жерлери узартылып берилсин.
6. Ижара келишиминин шарттарын аткарбаган атуулдар менен ижара келишими бир тараптуу бузулсун, жерлер субарендага берилбесин, берилип калган учурда ижарачыдан алынып кайрадан тоорукка койулсун.
7. Ижара акылары 1,2,3 кварталдарда төлөнүп бүткөрүлсүн.
8. Токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы жер комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |