Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 19/1
Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айы ичинде аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-августундагы №11 отурумунун жана 14-августундагы №12 отурумунун протоколдорунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча изилденүү жана чыгашаларды мыйзамдарга ылайык максаттуу, үнөмдүү пайдаланууну дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |