Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/3
Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 5-августундагы №929 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-августундагы отурумунун №11 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарындагы айыл чарба багытында болбогон жерлердин 2020-2022-жылдарга жер салыгын эсептөө үчүн зоналдык коэффициенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин
2019-жылдын 28-августундагы
кезектеги XIX сессиясынын
№ 19/3 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде түзүлгөн
Өзгөн шаарынын зоналдык коэфиценти
№ 1 Зона үчүн К3 -1,2
Аталган зонага шаардын борбору толугу менен кирет.
Манас көчөсү - А. Темур көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
Гагарин көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Кошиев көчөсүнүн кесилишине чейин,
Кошиев көчөсү - Ленин көчөсүнөн баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
Маданият көчөсү - Жуков көчөсүнөн баштап А. Мамажанов көчөсүнүн кесилишине чейин,
Ленин көчөсү - «Тулпар» АКнан баштап Гагарин көчөсүнүн кесилишине чейин,
Мирзарахимов көчөсү.
№ 2 Зона үчүн К3 – 1,0
Аталган зонага шаардын калган аймагы кошулат.