Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/5
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 11-июнундагы №78 токтому жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 11-июнундагы №78 токтомунун негизинде киргизилген маселени угуп жана таалкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 11-июнундагы №78 токтомунун негизинде Өнүгүү-Прогресс саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Халматов Мухтаржан Маматжанович өз арызынын негизинде жана депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын” 2019-жылдын 11-июнундагы №78 токтомунун негизинде “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Купахунова Махпратхон Махмуджановнанын Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланганы эске алынсын.
3. Жаңы шайланган депутат Купахунова Махпратхон Махмуджановна Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |