Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 19/7
Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Шамиеванын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан иштер депутаттар тарабынан айтылган кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Шамаматовко:
- окуучуларга сапаттуу билим берүү боюнча жетиштүү денгээлде иш жүргүзүү боюнча иш-чара иштеп чыгуу, бүтүрүүчүлөрдүн жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу, босого баллдан өтүү көрсөткүчүн көтөрүү;
- 2018-2019-окуу жылында бүтүрүүчүлөр тарабынан шаар мектептеринин ичинен жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн көрсөткүч көрсөткөн мектеп директорлоруна жана окуу бөлүмүнүн башчыларына мыйзам чегинде чара көрүү;
- билим берүү мекелелеринин педагогикалык кадрлар менен камсыздоону мониторингдин негизинде 2019-2020-окуу жылынын I-чейрегинде камсыз кылуу;
- окуучулардын сабактарга толук катышуусу боюнча ата-энелер, кварталдык комитеттердин төрагалары жана коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу, аны көзөмөлгө алуу;
- билим берүү багытында реформа жасоо боюнча перспективалык пландарды иштеп чыгуу;
- окуучуларды окуу китептери менен толук камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- башка шаарлар менен, шаардагы мектептер, балдар бакчалар арасында тажрыйба алмашуу боюнча иш жүргүзүү;
- 1-4 класстардын окуучуларына берилүүчү шашке тамактын сапатын дайыма көзөмөлдөп турууну тийиштүү кызматкерлерден талап кылуу;
- шаардык билим берүү мекемелеринин тазалыгын сактоону, айланасын көрктөндүрүүнү уюштуруу жагын мектеп директорлорунан, балдар бакчаларынын башчыларынан талап кылуу;
- шаардык билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мектеп окуучуларына, балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына жетиштүү шарт түзүү боюнча изденүү жана тийиштүү жерлерге кайрылуу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |