Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/8
Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго:
- ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында конкреттүү чараларды көрүү жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу;
- шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;
- шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын менчигинин түрүнө карабастан территориясынын тазалыгын, аларга тийиштүү жерлердин жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин дайыма көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Б.Мамадалиевге:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2019-жылдын 1-октябрына карата шаардык кеңешке маалымат берүү;
- ишкананын стратегиялык планын иштеп чыгып, кирешени көбөйтүү, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кожолукка бекитилген тарифти ар тараптан изилдеп карап чыгып конкреттүү сунуштар менен шаардык кеңешке кайрылуу;
- чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү, эл жана коммерциялык ишканалар менен келишимдерди толук түзүүгө жетишүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү, шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу, шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча тийиштүү жерлерге сунуш берүү, ишкананын штатын оптималдаштыруу;
- муниципалдык менчиктеги мүлктү, бюджеттик каражаттарды жана ишкананын каражаттарын эффективдүү пайдалануу, мүлктөрдү эсептен чыгаруу боюнча тийиштүү иш-чараларды аткаруу милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |