Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/9
Өзгөн шаарындагы борбордук стадионго Маматов Туратбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жүрүп жаткандыктан 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калкттуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну токтотулгандыгына байланыштуу Өзгөн шаарындагы көчөлөрдүн жана башка обьекттердин атын 2020-жылдын 31-декабрына чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилсин. Өзгөн шаарынын борбордук стадионуна Маматов Туратбектин аты ыйгаруу маселесин мораторийдин мөөнөтү бүткүчө токтотуп туруу сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |