Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/12
Курулуш жүргүзүү жана жерди пайдалануу эрежелерине» ылайык жердин багытына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги ХIX сессиясынын отуруму күн тартибине Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 7-августундагы №936 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы отурумунун №8 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын «Укуктук зоналарга бөлүнүүчү картасында» Манас көчөсүнүн боюндагы Өзгөн-Бишкек автокаттамы жайгашкан 2000,0 чарчы метр жер тилкесин райондук жана шаардык маанидеги администрациялык мекемелер зонасынын (Ц-4) багытынан көп кабаттуу турак-жай имараттар зонасынын (Ж-4) багытына өзгөртүүгө макулдук берүү маселесинин мыйзамдуулугун тактоо Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |