Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-октябры №18-1
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө кайрылган этникалык кыргыздардын арызы боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бостон (Көк-Таш) участкасындагы трансформация боло турган 50га жер аянтынан турак жай курууга жер тилкесин сурап кайрылган кайрылмандардын санын 78 адамга көбөйтүү боюнча протоколун карап жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында 2019-жылдын 26-августунда болуп өткөн жыйындын протоколунун негизинде угуп,талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Бостон (Көк-Таш) участкасындагы жер тилкесинен 78 этникалык кыргыздарга (кайрылмандарга) 0.06гадан 4,68га жер тилкеси жана башка аймактардан кооптуу жайдан көчүрүлүп келүүчү 35 жаранга 0.06гадан 2.1га жер тилкеси турак жай куруу үчүн ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык саясат жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы: | Т.Эргешбаев. |