Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №1
Жергиликтүү бюджеттин бөлүмдөр жана беренелер аралык жылдыруулары жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XX сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар “мыйзамына ылайык “Мамлекеттик сатып алуулар”порталына жарыя берүүдөн үнөмдөлгөн 70921-билим берүү бөлүмүнүн 3111-“имараттар жана курулмалар” беренесинен 98,0 мин сомго азайтылып,ЖКХ-бөлүмүнүн 3111-“машиналар жана жабдуулар ”беренесине Ленин айыл өкмөтүнүн имаратынын , ФАПтардын ремонтторуна,№23-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун коргонуна дарбаза жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды курууга жылдырылсын. Ушул эле бөлүмдүн 3112-беренесинен 9,5мин сом, 70823-маданият бөлүмүнүн 3112-беренесине Жыгач-Коргон айылындагы клубдун сахнасына (килем жана жасалма гүлдөрдү) алууга жылдырылсын;
2. 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 3111-“ имараттар жана курулмалар” беренесинен 200,0 мин сом азайтылып ,ушул эле бөлүмдүн 3112- “машиналар жана жабдуулар” беренесине таза сууга насос алуу үчүн жылдырылсын;
3. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү КР ФМнин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомду аткаруу жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |