Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №3
Жыгач-Коргон айылындагы мечитти, Ленин айылындагы баня курууга бөлүнгөн 0,08 га жер тилкесин, айыл аймагындагы айылдардагы таза суу скважинасын иштетүү үчүн орнотулган электротрансформаторлорду муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XX сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Жыгач-Коргон айылындагы мечит, Ленин айылындагы баня курууга бөлүнүп калтырылган 0.08га жер тилкеси, айылдардагы таза суу скважиналарын иштетүүгө коюлган электротрансформаторлор алынсын.
2. Токтомду аткаруу жагы жер, турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жолдошев Кадырбайга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы, жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |