Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №6
Жыгач-Коргон айылындагы айылдык клубтун аймагынан пушка же танка техникасын коюууга уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XX сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңиш күнүнүн 75 жылдыгына карата Жыгач-Коргон айылындагы айылдык клубдун аймагына танка же пушка техникасын коюга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөө соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | М. Кеңешбаев |