Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 22-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаёы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаёы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин атын ыйгаруу жөнүндө, Кожо-Арык айылынын жалпы элдик чогулушунун № 3 протоколун угуп жана талкуулап, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожо-Арык айылынын жалпы элдик чогулушунун 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 3 протоколу колдоого алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай бөлүмүндөгү Шаран-Сайга бурулган жаёы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Батырбеков Камчыбектин атын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Рустамов К. тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Топчубаев |