Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №22-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну “Ооган” согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматовдун арызын кароо жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну “Ооган” согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматов жүрөктөн операция, бутунун манжаларына операция кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылынын тургуну “Ооган” согушунун катышуучусу Мамажунус Нарматов жүрөктөн операция, бутунун манжаларына операция кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү мин сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Топчубаев |