Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №22-5
Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Абшыр-Ата” спорт комплексинин филиалы, республикалык бюджеттин эсебинен курулган «Жунусов Айдарали» атындагы спорт комплексинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн штаттык бирдикке кошуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 17-3 токтомуна толуктоолор киргизилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жунусов Айдарали» атындагы спорт комплексинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн “Абшыр-Ата” спорт комплексинин штат бирдигине кошууга макулдук берилсин.
3. Кызматкерлердин эмгек акысын штаттык бирдикке негиз жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика, бюджет , соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Топчубаев |