Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-апрели № 14
Боз-Учук айыл аймагындагы айылдарда (Ново-Вознесеновка,Ичке-Жергез, Боз-Учук) болуп өткөн элдик жыйындардын «малды жайытка чыгаруу жана малга коюлган тарифтерди бекитүү» жөнүндөгү чечимдерин карап жана талкуулап Боз-Учук айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боз-Учук айыл аймагында 2019-жылга малчыларга малды багуу тарифтери төмөндөгүдөй белгиленсин :
1.Ичке-Жергез айылы үчүн -Бодо мал (субай,торпок,букачар)- 300 сом тузу, жайыт акысы ичинде.
2. Боз-Учук айылы үчүн - Бодо мал (субай,торпок,букачар)- 270 сом тузу, ичинде.
3. Ново-Вознесеновка айылы үчүн - Бодо мал (субай,торпок,букачар)- 250 сом тузу ичинде.
4. Ичке-Жергез айылы үчүн - Жылкы -300 сом тузу, жайыт акысы ичинде.
5. Боз-Учук жана Ново-Вознесеновка айылы үчүн – жылкы – 250 сом тузу ичинде.
6.Ичке-Жергез айылы үчүн -Кой -50 сом тузу, жайыт акысы ичинде.
7. Боз-Учук жана Ново-Вознесеновка айылы үчүн - Кой -50 сом тузу ичинде
8.Бардык айылдар үчүн -эчки -_50_ сом тузу ичинде.
9.Бада Ново-Вознесеновка, Боз-Учук, Ичке-Жергез айылдары үчүн -_250_сом.(жыл боюу, жайы-кышы тарифтер өзгөрүлбөйт.)
2. Малдын тузун көзөмөлдөө жайыттар комитетине, ветеринария кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3.Жайыт акысы ар бир баш малга төмөндөгүдөй белгиленсин :
1. Кой башына -12 сом,
2. Бодо малга жана жылкыга (уй, торпок) – 62 сом,
3. Жайыт акысы ар бир малчыдан алынсын.
4. Мал ээлери менен мал багуучулардын ортосундагы түзүлүүчү келишимдин долбоору бекитилсин. (долбоору тиркелет).
5. Боз-Учук айыл аймагынын малдын ээси , жайыттар комитети жана малчынын ортосундагы үч тараптуу келишимдерди түзүү жана көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына (Тилекманова З., Кангельдиев Б.) жайыт комитетине (Токтосун уулу А.) , айылдар боюнча түзүлгөн талащ-тартыш комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
6. Токтом ММКга басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Токтомду аткарууга алуу жана аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |