Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №22-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык медициналык борбор куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык медициналык борбор куруу жөнүндө “Жал” айылдык ооруканасынын жетекчиси Азим Абдуллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 20 –беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылына айылдык4 медициналык борбор куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаров менен финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Зулпуевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Топчубаев |