Редакцияот 30.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы

 

2019-жылдын 30-октябры №22-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы “Абшыр” карьерине кеткен жолдун түндүк тарабындагы Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет курууга макулдук берүү жөнүндө

      Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы “Абшыр” карьерине кеткен жолдун түндүк тарабындагы, Т.Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет куруу жөнүндөгү муниципалдык менчик обьектилерин куруу боюнча башкы адис С.Бойдоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 3 –беренесине негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы “Абшыр” карьеринин кеткен жолдун түндүк тарабындагы Т.Кулатов атындагы борбордун жолдун эки бетине автобекет курууга макулдук берилсин.

2. Атайын ажыратылган жер аянтына Ноокат районунун мамлекеттик архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.

3. Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тийешелуу юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун каттоо жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча комиссиясы , “ транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика” боюнча туруктуу комиссияларына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А. Топчубаев