Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №22-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү жер комиссиясынын 2019-жылдын 25-октябрындагы № 11 протоколун угуп жана талкуулап, жер кодексинин 13-32-беренелерине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына спорт комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн балансасында турган М.Кудайбердиев атындагы жатак лицейдин жеринен 0,15 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Спорт залды куруучу демөөрчүлөр менен келишимдерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
3. Атайын ажыратылган жер аянтына Ноокат районунун мамлекеттик архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
4. Бекитилип берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тийешелуу юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун каттоо жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А. Топчубаев |