Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-апрели № 15
Боз-Учук айыл аймагындагы үй куруучулардын 2019-жылдын 4- мартындагы болуп өткөн коомдук угуусунун чечимин карап жана талкуулап, Боз-Учук айыл аймагындагы үй куруучулардын саны жыл санап өсүп, бирок үй курууга бериле турган жер фондусунун Ново-Вознесеновка жана Ичке-Жергез айылдарында аз экендигин эске алып , Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 32 беренелерине ылайык Боз-Учук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин 21 чакырылышынын сегизинчи сессиясынын токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Ново-Вознесеновка жана Ичке-Жергез айылдарынын үй куруучуларына үй курууга жер 0,10 гадан берилсин.
2. Үй курууда жер бөлүкчөлөрүн берүүнү жобонун негизинде жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жана аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |