Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
7 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына.
“Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: жалпы пайдалануучу жерлер – пайдалануу (ал жакта жүрүү,
болуу) үчүн, коомчулук үчүн жеткиликтүү болгон жерлер; жарыктандыруу – сутканын караңгы убагында көчөлөрдөгү оптикалык көрүнүштү жасалма жол менен жакшыртуу каражаты.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Жалпы пайдалануучу жерлерди жарыктандырууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын калкынын жалпы пайдалануучу жерлерди сапаттуу жарыктандырууга болгон муктаждыктарын канааттандырууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүү жана жакшыртуу;
электр кубаттуулугун үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө жана камсыздандыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүү боюнча программалырдын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүү боюнча программалырды аткарууну камсыз кылат;
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын долбоорлоо, куруу жана кайра куруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөөк аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасынын жайлуулугу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө болгон муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды түзөт;
көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын уставдарын бекитет;
көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасынын курулушун, күтүүнү жана оңдоп-түзөөнү каржылоону жүзөгө ашырат;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;
көчөлөрдү жарыктандыруу тармактарын пайдалануу боюнча муниципалдык ишканалардын ишине контролду жүзөгө ашырат;
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу колдонулушуна контролду жүзөгө ашырат;
жалпы пайдалануучу жерлерди жарыктандыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контролду жүзөгө ашырат.
3.2. Аламүдүн айыл аймагынын функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын көчөлөрүн жарыктандыруу системасын өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Аламүдүн РЭТ;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактык органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган
башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.