Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
8 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: көрүстөн – каза болгон адамдарды көмүү үчүн жерди (ай-
макты) камтыган шаар курулуш комплекси же объектиси;
көрүстөңдү ыңгайлаштыруу – көрүстөндү оңдоого жана кароого байланышкан иштердин комплекси;
сөөк коюу үчүн жер бөлүп берүү ченемдери – сөөк коюлуу-
чу жер участокторунун өлчөмү; сөөк коюу участогу – каза болгон адамды көмүү үчүн
көрүстөндөн бөлүнгөн участок;
сөөк көмүлгөн жай – каза болгон адамдардын сөөгүн (кал-
дыктарын) көмүү үчүн көрүстөндөр коюлган, ошондой эле өлгөн адамдарды көмүү үчүн арналган башка курулмалар орнотулган, этикалык, санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык бөлүнүп берилген жер участоктору;
ырасым кызматтарын көрсөтүү – сөөк коюуга, ошондой
эле сөөк коюу багытындагы объектилердин курулушуна, реконструкциясына, ыңгайлаштыруусуна жана оңдоосуна байланышкан кайтарымсыз жана акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлгөн тейлөөлөр.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
калкка ырасым кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын калкынын ыңгайлуу сөөк коюу жайларындагы муктаждыктарын камсыз кылуу;
ырасым кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруунун жалпы деңгээлин жогорулатуу;
көрүстөндөрдү ыңгайлаштыруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын калкына ырасым кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ар кандай жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Сөөк коюуну уюштуруунун жана муниципалдык көрүстөндөрдү каржылоонун эрежелерин, Ырасым көрсөтүү иш-чараларын өткөрүүнүн эрежелерин иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет. аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагынын калкына ырасым кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, алардын аткарылышын камсыз кылат;
сөөк коюучу жайларды, сөөк коюуга багытталган имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
Айыл аймагынын көрүстөндөрүн ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
сөөк коюу үчүн жер болүп берүү ченемдерин иштеп чыгат жана бекитет;
ырасым кызматтарын көрсөтүүгө муниципалдык заказдарды түзөт жна жайгаштырат;
ырасым кызматтарын көрсөтүүчү муниципалдык ишканаларды түзөт;
ырасым кызматтарын көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын уставын бекитет;
ырасым кызматтарын көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
Айыл аймагынын көрүстөндөрүн ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырат;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде ырасым кызматтарын көрсөтүүчү муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагынын калкына ырасым кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
ырасым кызматтарын көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын ишмердигин контролдоону ишке ашырат;
Айыл аймагынын калкына ырасым кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
калкка ырасым кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын калкына ырасым кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүү программаларын бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Сөөк коюуну уюштуруунун жана муниципалдык көрүстөндөрдү каржылоонун эрежелерин, Ырасымдык иш-чараларды өткөрүүнүн эрежелерин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары ж.б..
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жер-
гиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган
башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.