Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
9 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. . Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: жалпы пайдалануучу жайлар – коомчулуктун пайдалануу-
су (келип туруу, болуу) үчүн жеткиликтүү жайлар;
жалпы пайдалануучу жайларды көрктөндүрүү – Айыл
аймагынын чегиндеги жарандардын жашоосуна жана эс алуусуна жагымдуу, таза жана маданий шарттарды түзүүнү камсыз кылган иштердин жана элементтердин комплекси. Иштердин бул комплекси көрктөндүүү объектилерин жана элементтерин күтүү, пайдалануу, оңдоо жана кайтаруу, аймактарын тазалоо иштерин уюштурууну карайт;
короо аймагы – турак жай имаратынын жанындагы жана
анда жашаган адамдардын жалпы пайдалануусундагы, турак жай имараттарынын, курулуштардын, курулмалардын же тосмолордун периметри боюнча чектелген аймак. Турак жай имаратынын жанындагы короо аймагында, анда жашаган адамдардын кызыкчылыгында балдар аянтчалары, эс алуу, кирлерди жаюу, автоунааларды токтотуу үчүн орундар, бак-дарактар жана башка коомдук пайдалануу үчүн объектилер жайгашат;
жашылдандыруулар – бак-дарак, бак-бадалдуу, бадалдуу,
жасалма жана табигый өскөн чөптүү өсүмдүктөр;
компенсациялык жашылдандыруу–жок кылынган жана жа-
бырланган жашылдандыруулардын ордун кайра калыбына келтирүү;
чакан архитектуралык формалар - декоративдик мүнөздөгү жана практикалык пайдалануунун объекттери: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, чатырчалар, павильондор, отургучтар, урналар, балдардын оюну жана чоң адамдар эс алуусу үчүн жабдуулар жана конструкциялар жана башкалар;
жалпы пайдалануучу жашылдандырылган аймактар –
шаардын бардык калкына рекреация үчүн пайдаланылган аймактар: бактар, сейил бактар, маданий жана эс алуу сейил бактары, мемориалдык комплекстер, гүлбакчалар, көчөлөр жана транспорттук магистралдар, жээктер,токой парктары, аларга кирүү бардык адамдар үчүн акысыз жана эркин
сейил бак – функционалдык зоналдаштырылгандыгы менен
мүнөздөлгөн жана узак эс алуу үчүн дайындалган жалпы пайдаланылуучу жашылдандырылган аймак
жанаша жайгашкан аймак – ижара укуктарынан эркин,
жеке менчикке, ээликке, ижарага, юридикалык же жеке жактардын теңдемине бөлүнгөн жер тилкесинин, имараттын, үйдүн, курулманын, тосмонун, курулуш тилкесинин, соода объектилеринин, жарнама жана башка объектилердин чек араларына тике периметр боюнча жанаша жайгашкан муниципалдык аймак, жанаша жайгашкан аймактардын чек аралары, көчө жактан жана жолдордун өтүүчү бөлүгүнө чейин жайылат. аймакты санитардык тазалоо – аймактарды жыйнап таза-
лоо, таштандыларды, көчө шыпырындыларын жана кокустан пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу.
жашылдандырууларды алып салуу - белгилүү тартипте жасалгаланган бактарды, бадалдарды, гүлзарларды, көкмайсандарды кыюу, кесип салуу, казып алуу, аларды аткаруу курулуштун тигил же бул объектилерин жайгаштыруу, инженердик көрктөндүрүүнү, жер үстүндөгү коммуникацияларды тейлөө, турак жай жана коомдук имараттардын инсоляциялык талаптарына жооп бере тургандай курчап турган чөйрөнүн сапатын түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатындагы, объективдүү зарыл иштер
жашылдандырууларды жок кылуу - казып салуу (көк-
майсандарды) гүл-декоративдик өсүмдүктөрдү, бадалдарды, бактарды казып алуу же бактарды кыюу менен, ошондой эле жашылдандырууларды жабырлантуу менен, алардын өспөй жана өлүп алышы; жарыктандыруу - сутканын түнкү мезгилинде көчөдө оп-
тикалык көрүүдү жасалма чоңойтуу каражаттары.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын жарандарынын жагымдуу чөйрөгө болгон укуктарын камсыз кылууга;
калктын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылууга жана жашоо чөйрөсүнүн ыңгайлуулугун жогорулатууга;
Айыл аймагынын калкынын санитардык-экологиялык бейпилдигин камсыз кылууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын жашылдандыруу фондун сактоо жана өнүктүрүү;
Айыл аймагынын комплекстүү көрктөндүрүү шарттарын өнүктүрүү жана жакшыртуу;
энергия үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
калктын аз мобилдүү топтору үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоо боюнча белгиленген тартипте минималдуу зарыл болгон иш-чараларды өткөрүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин комплекстүү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ар кандай жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу эрежелерин иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
ирригациялык түйүндөрдү, үй жана үй алдындагы участокторду күтүүнүн тартибин иштеп чыгат. аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин комплекстүү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, алардын аткарылышын камсыз кылат;
Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
жалпы пайдалануудагы жерлерди санитардык жактан тазалоо иштерин уюштурат;
жайлуулук объектилерин, тротуарларды, жөө жүрүүчүлөр зонасын, ирригациялык тутумдарды ж.б. кароону жана оңдоону жүзөгө ашырат;
жаңы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аймактарын түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
муниципалдык жашыл дарактарды күтүүнү жүзөгө ашырат;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык заказдарды түзөт жана жайгаштырат;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканаларды түзөт;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын уставын бекитет;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандырууну каржылайт;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча муниципалдык ишканалардын ишин контролдоону ишке ашырат;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандырууга бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат. 3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салу функциялары
Айыл аймагынын жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу программаларын бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди, анын ичинде Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун эрежелерин бекитет;
ирригациялык түйүндөрдү, үй жана үй алдындагы участокторду күтүүнүн тартибин аныктайт.
контроль жана көзөмөл функциялары
- айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Жалпы пайдалануудагы жерлерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт