Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
10 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
эс алуучу жай - калктын эс алуусуна арналган имараттардын, курулмалардын, зонанын, участоктордун тиешелүү жабдылган бөлүгү;
парк – функционалдуу зоналашуусу бар экендиги менен мүнөздөлгөн жана узак убакытка эс алууга арналган, жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
спорттук курулма – спорттун ар кандай түрү боюнча спорттук мелдештерди, окуу-машыгуу процесстерин, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган ачык же жабык типтеги тиешелүү жабдуулар менен жабдылган курулма;
рекреациялык тейлөөлөр – бош убакытты пайдалануу ме-
нен эс алууга, күчтү жана ден соолукту калыбына келтирүүгө байланышкан тейлөөлөр.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймактын жарандарынын сапаттуу жана коопсуз жайларда массалык эс алууга жана көңүл ачууга, ошондой эле рекреациялык тейлөөлөргө болгон муктаждыктарын канаттандырууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын массалык эс алуу жана көңүл ачуу жайларын сактоо жана өнүктүрүү;
Айыл аймагынын массалык эс алуу жана көңүл ачуу жайларын ыңгайлаштыруу;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды өнүктүрүүдө инновациялык, энергия үнөмдөөчү жана жаратылышты үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу;
Айыл аймактын калкына рекреациялык тейлөөлөрдү көрсөтүүнү уюштуруу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары :
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын массалык эс алуу жана көңүл ачуу жайларын өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ар кандай жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагынын массалык эс алуу жана көңүл ачуу жайларын өнүктүрүү программалары айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин, алардын аткарылышын камсыз кылат;
парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуучу жайлардын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча уюштуруу-укуктук, уюштуруу-тескөө иш-аракеттеринин комплексин жүзөгө ашырат;
муниципалдык парктарды, спорттук курулмаларды жана эс алуучу жайларды кароону жана оңдоону жүзөгө ашырат;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайлардын жаңы орундарын түзүү жана рекреациялык тейлөөлөрдү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык закааздарды түзөт жана жайгаштырат;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелерди жана ишканаларды түзөт;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын уставдарын бекитет;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттын чегинде массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелерди жана ишканаларды каржылоону жүзөгө ашырат. контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагынын массалык эс алуу жана көңүл ачуу жайларын өнүктүрүү программаларынын аткарылышына контроль жүргүзөт;
массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларды пайдалануу боюнча муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишмердигин контролдоону ишке ашырат;
муниципалдык парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуучу жайлардын иштөөсүн камсыз кылууга бөлүнгөн финансы каражаттарын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланууга контроль жүргүзөт;
Айыл аймагынын массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайлардын иштөөсү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат. 3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймактын массалык эс алуучу жана көңүл ачуучу жайларын өнүктүрүү программаларын бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча ар кандай жөнгө салуучу документтерди бекитет. контроль жана көзөмөл функциялары
Аламүдүн айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган
башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.