Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Муниципалдык транспорт тун иштешинкамсызкылуу жана калктууконуштардынчегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
12 ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Трансопрт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
автомобиль транспорту - жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу транспорттун түрү, ошондой эле ишинин негизги чөйрөсү автомобиль каражаттарын жана инфратүзүмдү пайдалануу менен жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктөрдү жана почтаны ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу болуп саналган экономика тармагы;
жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана келишимдин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларды аткаруу үчүн пайдаланылуучу автомобиль транспорту;
автомобиль транспорт каражаты (мындан ары - ав-
тотранспорт каражаты) - автобустарды, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автомобиль чиркегичтерин, сүйрөгүчтөрдүн жарым чиркегичтерин, ошондой эле адистештирилген автомобилдерди (жүктөрдүн белгилүү бир түрлөрүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган) жана атайын автомобилдерди (ар кыл, көпчүлүгүндө транспорттук эмес жумуштарды аткаруу үчүн арналган) кошуп алганда автомобиль транспортунун кыймылдуу курамынын бирдиги;
автомобилдик ташуу - келишимдердин негизинде же башка мыйзамдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, жол жүгүн автомобиль транспорту менен ташуу;
автомобилдик ташуучу (мындан ары - ташуучу) - менчик
укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобиль транспортуна жана автотранспорт каражаттарын сактоо, оңдоо үчүн аймакка, өндүрүштүк-техникалык комплекске ээ болгон, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, ишкердик иштин субъекти катары катталган жана буга тиешелүү уруксаты (лицензиясы) бар юридикалык же жеке жак;
автотранспорт иши - келишимдик негизде же башка мый-
замдуу негиздерде аткарылуучу жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташуу, ошондой эле автомобилдик ташууга байланышкан башка транспорттук иштер (кызматтар) боюнча уюштуруучулук жана технологиялык процесстердин жыйындысы;
автобус - айдоочунун ордун кошпогондо, отуруу үчүн се-
гизден ашык оруну бар жүргүнчүлөрдү жана кол жүгүн ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаты;
муниципалдык ташуулар –Айыл аймагынын белгиленген чек арасынын чектеринде турган белгилүү бир пункттардын ортосундагы ташуулар;
автомобиль транспортунун инфратүзүмү - ташуу процес-
синин үзгүлтүксүздүгүн жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн жана оңдоонун курулмалар комплекси (станциялык курулмалар, автомобилдер токтоочу жайлар, жүк терминалдары (логистикалык борборлор), станциялар (устаканалар), автотранспорт каражаттарын, күйүүчү-майлоочу материалдарды сактоо үчүн курулмалар жана аймактар, автомобилдерге май куюу станциялары);
каттам - белгилүү бир пункттардын ортосунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн автотранспорт каражаттарынын баруучу жолу;
каттам таксиси - белгиленген каттам боюнча жүргүн-
чүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган өзгөчө чакан класстагы автобус;
шаарлар арасында автомобилдик ташуулар - шаар же башка калктуу пункттар ортосунда 60 километрге жетпеген аралыкка автотранспорт каражаты менен жүзөгө ашырылуучу ташуулар;
жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык транспорт - му-
ниципалитеттин менчигинде турган жана жүргүнчүлөр менен жол жүгүн ташууга арналган жалпы пайдалануудагы транспорт каражаты;
жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесил ташуулар - белгилүү пункттардын ортосунда автобустарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу бир жолку (үзүл-кесил) мүнөздөгү ташуулар;
жүргүнчү - жол жүрүү документи (билети) бар жана жол
жүрүү документинин (билетинин) же болбосо башка мыйзамдуу негиздердин негизинде автотранспорт каражатында ташылуучу жеке жак;
ташуучу –бардык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууну ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердиктин субъекти катары катталган жеке же юридикалык жак;
шаар четиндеги автомобилдик ташуулар - шаарлардын жана башка калктуу конуштардын ортосунда 60 километрге чейинки аралыкта жүзөгө ашырылуучу ташуулар;
жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз ташуу - мурдатан макулдашылган баруу каттамы боюнча алардын кыймылынын, ташуунун баштапкы, акыркы жана арадагы пункттарын, жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана отургузуу үчүн токтоочу пункттарды көрсөтүү менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн арналган, автотранспорт каражаттарын пайдалануу менен ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ташуулар;
станциялык курулмалар - жүргүнчүлөрдү жана ташуу-
чуларды тейлөө үчүн арналган автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймыгы) “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын калкынын сапаттуу жана коопсуз транспорт кызматтарына болгон муктаждыгын камсыз кылууга;
Айыл аймагынын коомдук транспортунун ишин натыйжалуу жөнгө салууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагында транспорт кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу;
менчиктин түрүнө жана ведомствого таандык болгондугуна карабастан автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “ташуучулардын” ишин контролдоо;
жүргүнчүлөрдүн агымын изилдөө;
жарандардын өмүаркрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылуу;
жүргүнчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн муниципалдык транспортту өнүктүрүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча, анын ичинде муниципалдык транспортун иштөө тартибин жана ченемдерин жана коомдук транспортун ишин жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна жиберет;
муниципалдык транспорт менен ташуулардын тарифтерин иштеп чыгат;
каттамдарды иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айылдык кеңеш бекиткенден кийин муниципалдык транспорттун иштөөсүн камсыз кылуу боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
-Айыл аймагынын коомдук транспортунун ишин жөнгө салууну ишке ашырат;
Айыл аймагында жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууну, автобустук каттамдарды жана каттам таксилеринин ишин уюштуруу боюнча уюштуруучулук-укуктук, уютуруучулук-тескөө иш-аракеттердин топтомун ишке ашырат;
транспорттук кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканаларды жана мекемелерди түзөт;
транспорттук кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин уставдарын бекитет;
транспорт кызматтарын көрсөткөн муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде транспорт кызматтарын көрсөткөнмуниципалдык ишканаларды жана мекемелерди каржылайт;
транспорт кызматтарын көрсөтүүгө муниципалдык заказды түзөт жана жайгаштырат;
автотранспорттун, таксинин жана муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун аярламаларын жана токтоочу жайларын оңдоп-түзөөнү жана күтүүнү ишке ашырат;
жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык транспортторду сатып алат;
жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоону камсыз кылуу үчүн чараларды көрөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
муниципалдык транспортту өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын контролдойт;
транспорт кызматтарын көрсөткөн муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишин контролдойт;
муниципалдык транспорттун иштешине бөлүнүүчү акча каражаттарынын сарамжалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
муниципалдык транспорттун иштөөсүнүн жана коомдук транспорттун ишинин белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын контролдойт;
менчиктин түрүнө жана ведомствого таандык болгондугуна карабастан, автомобилдик транспортменен жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “ташуучунун” ишин контролдойт; 3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
муниципалдык транспортту өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка ушул жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жана ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу иш кагаздарды, анын ичинде муниципалдык транспорттуништөөсүнүн жана коомдук транспорттун ишинин эрежелерин жана ченемдерин белгилейт;
муниципалдык транспорт менен ташуунун тарифтерин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
-Аламүдүн айыл аймагында “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндөжергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууда айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз аракеттенишүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында“Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен аз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министлигинин аймактык органдары (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өл алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”
жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашырууну каржылоо
5.1. “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактарга кайтарымсыз берилген
каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан
көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттердин жана функциялардын талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт