Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
13 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Тарыхый-маданий мурастардын объекттерин каттоо, коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген);
2015-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жана пайдалануу боюнча концепциясына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-январындагы № 23 токтому менен бекитилген);
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынынУставына.
“Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
тарыхый-маданий мурас - элдин жашоосундагы тарыхый
окуялар, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү менен байланышкан тарыхый жана маданий эстеликтер, тарыхый, илимий, көркөм жана башка баалуулук катары эсептелген материалдык жана руханий чыгармачылыктын эмгектери;
тарыхый эстеликтер - элдин жашоосундагы маанилүү та-
рыхый окуялар менен, коомдун жана мамлекеттин, илим менен техниканын, элдердин маданиятынын жана турмуш тиричилигинин өнүгүшү, ошондой эле республиканын чыгаан инсандарынын өмүрү менен байланышкан имараттар, курулмалар, эскерүү жайлары, тарыхый көрүстөндөр жана эстеликтер;
археологиялык эстеликтер – үңкүрлөр, убактылуу токтоочу
жайлар, эски шаарлардын урандылары, байыркы курулмалардан калган дөбөлөр, чептер, жер бетиндеги жана суу алдындагы байыркы кыштактардын, коргондордун, фортификациялык куруулардын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кен чыгуучу жайлар, арыктар жана сугат системалары, жолдор жана көпүрөлөр, айрым мүрзөлөр жана көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жазуулар;
шаар курулуштарынын жана архитектура эстеликте-
ри – архитектуралык ансамблдер жана комплекстер, тарыхый борборлор, кварталдар, аянттар, көчөлөр, шаарлардын жана башка калктуу конуштардын байыркы пландаштырууларынын жана курулмаларынын, жарандык, өндүрүштүк, аскердик, дин архитектурасынын калдыктары, элдик архитектуранын жана ошондой эле аны менен байланышкан монументалдык, көркөм сүрөт, сымбаттоочу кол өнөрчүлүк, бакча жана сейилбак жана башка көркөм өнөрдүн түрлөрү.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
тарыхый-маданий мурастардын объектилеринин сакталышын, корголушун, камсыз кылууга;
тарыхый-маданий мурастардын объектилерин ар тараптуу натыйжалуу пайдаланууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
тарыхый-маданий мурастарды аныктоо, изилдөө, эсепке алуу жана пропагандалоо;
эстеликтерди жок болуп кетүүдөн, вандализмден, жалган бурмалоодон, чаташтыруулардан, негизсиз өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн, тарыхый контексттен ажыратуудан коргоону камсыз кылуу;
эстеликтерди сактоо жана кайра калыбына келтирүү, эстеликтерди алардын бузулбай сакталышын камсыз кылуучу ченемдерге ылайык кармоо;
эстеликтерди этномаданий чөйрөнү кайра жаратуу процессинде, ошондой эле илимий, тарбиялык жана туристтик максаттарда пайдалануу.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жогоруда аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча башка жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна жиберет. аткаруу жана колдоо функциялары
айылдык кеңеш бекиткенден кийин тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
тарыхый-маданий мурастардын объекттерин аныктоону, эсепке алууну, коргоону, кайра калыбына келтирүүнү жана пайдаланууну камсыз кылат;
тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылат;
жергиликтүү маанидеги эстеликтерди эсепке алууну, коргоону жана калыбына келтирүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды каржылоону камсыз кылат;
эстеликтерге ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кам көрүүсүн уюштурууга көмөктөшөт;
тийиштүү профилдеги илимий мекемелерди жана коомчулукту эстеликтерди коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартат;
шаарларды жана башка калктуу конуштарды пландаштыруу, куруу, кайра калыбына келтирүү долбоорлорун иштеп чыгууда эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бардык категориядагы эстеликтерди аныктоо, изилдөө, сактоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын, ошондой эле тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана схема-карталарын түзүүнү камсыз кылат;
жер тилкелерин чарбалык куруу жана иштетүү максаттарында өздөштүрүүгө бөлүп берүүнү эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу болгон учурда гана ишке ашырат;
эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча эстеликтерге коркунуч туудуруучу курулуш жана башка иштерин убактылуу токтотуу жана тыюу салуу жөнүндө маселелерди чечет;
тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана падалануу боюнча калкты маалымат менен камсыз кылат;
тарыхый-маданий мурастардын объекттерин кайра калыбына келтирүү боюнча кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды түзөт жана жайгаштырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча программалардын аткарылышын контролдойт;
муниципалдык маданий мекемелердин ишин контролдойт;
муниципалдык маданий мекемелерге бөлүнүүчү финансы ресурстарынын сарамжалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча программаларды бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тууралуу айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык органдары;
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара аракеттенишет.
V . “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы
контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кы-
зматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
VII. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.