Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
14 ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Китепкана иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Маалыматташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: китепкана – басма жана жазуу түрүндөгү документтердин, графикалык, аудиовизуалдык материалдардын, электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү документтердин фонду бар жана аталган материалдарды жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме;
китепкана фонду – бири-бири менен уюштуруучулук жана
функционалдык жактан байланышкан, калкты китепкана менен тейлөө максаттарында каттоого, комплекттөөгө, сактоого жана пайдаланууга тийиш болгон ар түрдүү багыттагы жана статустагы документтердин бир тартиптке келтирилген жыйындысы. китепкана иши – маалыматтык, маданий-агартуу жана билим берүү ишинин бир тармагы, анын милдеттерине китепканалар тармагын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фондун иштеп чыгуу жана калыптандыруу, китепкана колдонуучуларын маалыматтык жана библиографиялык-маалымдоо жаатында тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана усулдук камсыздоо;
документ – сактоо жана коомдук пайдалануу максатында убакыт жана мейкиндикте берүүгө араналган текст, жазылып алынган үн же сүрөт түрүндөгү маалыматты камтыган материалдык объект;
китеп эстеликтери – бийик руханий жана материалдык баалуулукка ээ болгон, өзгөчө тарыхый, илимий, маданий мааниси бар жана аларды каттоонун, сактоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген кол жазма китептер же басылмалар;
жалпыга жеткиликтүү китепкана – жаш курагына, жыны-
сына, улутуна, тилине, билимине, тегине, материалдык жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, көз карашына, коомдук бирикмелерге тиешелүүлүгүнө карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу укуктук формаларына жана менчиктин формасына карабастан юридикалык жактарга китепкананын кызматтарын, өзүнүн жана башка маалыматтык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүчү китепкана; китепкананын колдонуучусу – китепкананын кызматтарын
колдонуучу жеке жактар же юридикалык жактар;
адистештирилген китепкана - ден соолугунун мүмкүн-
чүлүктөрү чектелген адамдарды тейлөөчү жана Брайль шрифти менен, чоңойтулган шрифт менен терилген, ар түрдүү маалымат алып жүрүүчүлөрдө топтолгон, анын ичинде электрондук маалымат алып жүрүүчүлөрдөгү документтерди берүүчү китепкана;
электрондук китепкана – ар түрдүү электрондук документ-
тердин топтомун сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуучу, тутумдун өзүндө жайгаштырылган жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык тутум; электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик
формада берилген документ.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын (мындан ары – “Айылдык аймак”) жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айылдык аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү.
2.2. Коюлган максатка жетүү үчүн Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкү милдеттерди аткарат:
калкты китепкана кызматтары менен тейлөөнү уюштуруу;
муниципалдык китепканаларга кам көрүү;
китепканалардын китеп фондунун комплекттөөсүн жана сакталышын камсыз кылуу.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн Айылдык аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна жиберет.
контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагында китепкана фондун сактоо жана өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын контолдойт;
муниципалдык китепканлардын ишин контролдойт;
муниципалдык китепканаларга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын сарамжалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
Айыл аймагында китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймакта китепкана ишин сактоо жана өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тууралуу айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык органдары;
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара аракеттенишет.
“Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кы-
зматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат