Загрузка документа…
БОЗ-УЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-апрели № 16
Ново-Вознесеновка айылынын тургуну Тюменбаев Бейшенбек Джапаровичтин кайрылуусунда көрсөтүлгөн №940 контурундагы жайыт жеринен туризмди өнүктүрүү максатында 0,70 га жерин «Жайыттар жөнүндө» 2009-жылдын 26-январындагы №30 Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жайыттарды башка максаттарга пайдалануу тартиби жана түрлөрүнө таянып Боз-Учук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Вознесеновка айылынын тургуну Тюменбаев Бейшенбек Джапаровичке № 940 контурундагы жайыт жеринен туризмди өнүктүрүү максатында 0,70 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин иш-планда көрсөтүлгөн пунктта жайыт жерлерден башка багытта пайдалануу максатында жайыт комитети менен беш жылдык келишим түзүлсүн.
3. Көрсөтүлгөн жердеги тал-теректерди , бадалдарды жана жер кыртышына зыян келтирбөө жагы жана 0,55 га жер тилкесин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү багытында , 0,15 га жер тилкесин туризм багытында пайдалануу жагы Тюменбаев Бейшенбек Джапаровичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сейлибаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Узакпаев |