Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
16 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары нын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: жарнак - адамдардын белгиленбеген чөйрөсү үчүн арналган, ошол жеке жана юридикалык жактарга, товарларга, идеяларга жана саамалыктарга карата кызыкчылыкты калыптандырууга же колдоого, ошондой эле товарларды, идеяларды жана саамалыктарды ишке ашырууга көмөк берүүгө чакырылган, жеке же юридикалык жактар, товарлар, идеялар жана саамалыктар жөнүндө ар кандай каражаттардын жардамы менен, кандай таризде болсун таратылуучу маалымат (жарнактык маалымат).
талаптагыдай эмес жарнак - мазмунуна, таратылуучу
убактысына, ордуна жана ыкмасына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жана башка жарнак;
каршы жарнак - талаптагыдай эмес жарнакты, андан улам
келип чыккан кесепеттерди жоюу максатында таратылган төгүндөө;
жарнак берүүчү - жарнакты чыгаруу, жайгаштыруу, кийин таратуу үчүн жарнактык маалыматтын булагы болуп саналган жеке жана юридикалык жакта
жарнак чыгаруучу - жарнактык маалыматты таратуу үчүн толук же жарым-жартылай даяр түргө келтирүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
жарнак таратуучу - мүлктү, анын ичинде радио берүүнүн,
теле берүүнүн техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын берүү жана (же) пайдалануу жолу менен же башка ыкмалар менен жарнактык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
жарнакты керектөөчүлөр - жарнак маалымдалган же маа-
лымдалышы мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактар, анын натыйжасында аларга жарнак тийиштүү таасир этет же таасир этиши мүмкүн;
жарнак акциялары - керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу макса-
тында жарнактоонун ар түрдүү тариздерин, каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен жарнактала турган продукцияларды бекер таратып берүү же сатуу менен коштолгон акциялар;
жарнак аянты - жарнакты жайгаштыруу үчүн пайдала-
нылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, басма аянты жана башка каражаттар;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
Айыл аймагындажарнакты жайгаштырууну натыйжалуу жөнгө салууну камсыз кылууга;
Аламүдүн айыл аймагынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоого.
2.2. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
тышкы жарнакты, тышкы жарнак каражаттарын жайгаштырууну жана анын мазмунун контролдоочу жана башкаруучу органды түзүү;
тышкы жарнак каражаттарын колдонуунун талаптарын жана жайгаштыруу эрежелерин белгилөө;
тышкы жарнакты жайгаштыруу үчүн уруксат документтерин берүү тартибин жана шарттарын аныктоо.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
Айыл аймагында тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштыруунун жана кармоонун тартибин иштеп чыгат;
тышкы жарнактарды жайгаштуруу үчүн уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыгат;
тышкы жарнак чөйрөсүндөгү муниципалдык саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагында жайгаштырылган тышкы жарнак каражаттарынын реестрин жүргүзөт;
тышкы жарнактарды жайгаштырууга уруксат документтерин берет, уруксат алуу үчүн тапшырылган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн текшерүүнү ишке ашырат;
социалдык маанилүү муниципалдык долбоорлор тууралуу маселелер боюнча муниципалдык кызматтар жана айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүктөрү, жарнак берүүчүлөр жана жарнак таратуучулар менен өз ара аракеттенишет, Айыл аймагында тышкы жарнактарды жайгаштыруунун тенденцияларын жана келечектеги өнүгүү багыттарын аныктайт;
тышкы жарнактын жана тышкы жарнак каражаттарынын менчик ээлерине аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө билдирүү жиберет;
тышкы жарнактын менчик ээлери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жарнактарды жайгаштыруу маселелерин макулдашат. контроль жана көзөмөл функциялары
тышкы жарнактардын жана тышкы жарнак каражаттарынын абалын контролдойт;
Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын аткарылышын конролдойт;
тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштырууну жана алардын мазмунун контролдоо жана башкаруу органынын ишин контролдойт;
ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагында жарнактарды жайгаштыруу боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
Айыл аймагында тышкы жарнактарды жана тышкы жарнак каражаттарын жайгаштыруунун жана кармоонун тартибин бекитет;
тышкы жарнактарды жайгаштуруу үчүн уруксат документтерин берүүнүн тартибин жана шарттарын бекитет;
тышкы жарнак чөйрөсүндөгү муниципалдык саясаттын негизги багыттарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тууралуу айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
4.1.Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасы нын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык органдары.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенишет.
V.“Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактар тарабынан бекер берилген
каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн
кызматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-
баган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт