Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
17 ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Кыргыз Республикасынын укуктук тартипти сактоо боюнча кошуундары жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 231 токтому менен бекитилген);
Ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө жобого (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июнундагы № 66 декрети менен бекитилген);
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
элдик кошуун– ички иштер органдары, башка укук коргоо органдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аркеттенишүү аркылуу ишке ашрылуучужарандардын укук бузууларды адын алууга жана коомдук тартипти сактоого катышуу формасы;
жарандардын коомдук тартипти сактоого катышуусу– адамдын өмүрүн, ден соолугун, абийирин, кадыр баркын коргоо, коомдук жерлерде жасалуучу коомдун жана мамлекеттин менчигин жана кызыкчылыгын кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргоо максатында жарандардын ички иштер органдарына жардам көрсөтүүсү;
- элдик кошуунчу – коомдук тартипти сактоого катышуучу элдик кошуундун мүчөсү.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
Айыл аймагынын коомдук тартибин сактоого.
2.2. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын коомдук тартибин сактоодо ички иштер органдарына көмөктөшүү;
коомдук тартипти сактоого катышуучу жарандарга жана алардын бирикмелерине колдоо көрсөтүү;
элдик кошуундардын ишине шарттарды түзүү;
элдик кошуундардын ишин материалдык жактан демилгелөө.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
Айыл аймагында тартипти сактоо боюнча элдик кошуундардын ишинин тартибин иштеп чыгат;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча муниципалдык саясаттын негизги багыттарын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айыл аймагындагы элдик кошуундардын реестрин жүргүзөт;
Айыл аймагындагы элдик кошуундарды жетектөөнү ишке ашырат, алардын ишин уюштурат;
кошуундарды бекемдөө жана калктын мыкты өкүлдөрүн кошуундун катарына тартуу чараларын кабыл алат;
Айыл аймагындагы элдик кошуундарды материалдык-техникалык камсыздоону ишке ашырат;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашырат;
элдик кошуундардын мүчөлөрүн сыйлоо чараларын кабыл алат.
контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагындагы элдик кошуундардын ишине контроль жүргүзөт;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программаларды аткарууга контроль жүргүзөт;
ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышына контроль жүргүзөт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча программалардын долбоорун бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча элдик кошуундардын тартибин бекитет;
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү боюнча муниципалдык саясаттын негизги багыттарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактар тарабынан кайтарымсыз
берилген каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кы-
зматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-
баган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт.