Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
19 ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
бош убакыт – өзгөртүлгүс өндүрүштүк милдеттерин аткаргандан кийин калган адамдын жумуштан тышкаркы убактынын бөлүгү;
бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу – калктын бош убак-
тысын өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чаралардын топтому; маданий ишмердүүлүк – маданий баалуулуктарды сактоо,
жаратуу, жайылтуу жана өздөштүрүү боюнча ишмердүүлүк; эс алуу ишмердүүлүгү–эс алуу кызматтарын керектөөгө же
көрсөтүүгө багытталган адамдын же мекеменин маданий, чыгармачыл жана башка ишмердүүлү;
маданий-эл алуу жайлары – бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу жана калкты маданият жана эл алуу уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн мекемелер;
маданий жыргалчылык– жарандардын маданий муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жеке же юридикалык жактардын, уюмдардан кызмат көрсөтүүлөрү;
маданий баалуулуктар–моралдык жана эстетикалык идеалдар, журүм-турумтун ченемдери жана үлгүлөрү, тилдер, диалекттер жана говорлор, улуттук каада-салттар, тарыхый топонимдер, фольклор, көркөм чеберчилик жана кол өнөрчүлүк, маданий жана көркөм чыгармалар, маданий иштердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары жана методдору, тарыхый-маданий мааниси бар имараттар, курулуштар, буюмдар жана технологиялар, тарыхый жана маданий жактан өтө сейрек кездешүүчү аймактар жана объекттер.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын жарандарынын маданий жашоого катышууга жана маданий баалуулуктарга жетишүүгө болгон конституциялык укуктарын камсыз кылууга;
Аламүдүн айыл аймагынын жарандарынын маданий-эс алуу муктаждыктарын канааттандырууга.
2.2. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагында бирдиктүү муниципалдык маданий-эс алуу саясатын ишке ашыруу;
Айыл аймагынын маданий-эс алуу уюмдарынын негизги багыттарын аныктоо;
Айыл аймагынын калкына маданий-эс алуу кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу;
Айыл аймагынын муниципалдык маданий-эс алуу мекемелерин өнүктүрүү;
Айыл аймагынын тургундарынын билим алуу, маданий жана руханий потенциалынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
калкты эстетикалык жактан тарбиялоо, маданий салттарга үйрөтүү.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн аймактын маданий-эс алуусун өнүктүрүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү бюджеттин долбоорун ага аймактын маданий-эс алуусун өнүктүрүү программалары боюнча чыгымдарынкошуу менен иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
маданий-эс алуу уюмдарынын ишинин натыйжаларын баалоонун көрсөткүчтөрүн жана критерийлерин иштеп чыгат;
Айыл аймагынын муниципалдык маданий-эс алуу мекемелери тарабынан аткарылуучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) сапатынын көрсөткүчтөрүн иштеп чыгат;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин баа саясатын жана тарифтерин иштеп чыгат. аткаруу жана колдоо функциялары
Айылдык кеңеште бекитилгенден кийин маданий-эс алуу программаларынын аткарылышын камсыз кылат;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелерин түзөт;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин уставын бекитет;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин жетекчисин жана башкы бухгалтерин дайындайт;
Аламүдүн айыл аймагынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде муниципалдык маданий-эс алуу мекемелерин каржылоону ишке ашырат;
маданий-эс алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө муниципалдык заказды түзөт жана жайгаштырат;
маданий-эс алуу кызмат көрсөтүүлөрүнө техникалык тапшырманы түзөт, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнү тандоо боюнча конкурстарды уюштурат, кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү менен келишим түзөт;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн комплекстүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүнөмаданий-эс алуу уюмдарынын катышуусун координациялайт;
көчмө цирктердин, аттракциондордун, сейил бактарынын иштөөсү үчүн алардын жайгашуу жерлерин жана аянттарынын жабдылышын аныктайт;
коомдук маданий-эс алуу мекемелерин жана чыгармачыл жамааттарды (клубдар, ийримдер ж.б.) уюштурууну камсыз кылат;
коомдук уюмдардын, бирикмелердин маданият жана эс алуу чөйрөсүндөгү коомдук кызыкчылыктарды камтыган маселелерди талкуулоого катышуусун камсыз кылат;
массалык иш-чараларды уюштурат (элдик көңүл ачуулар);
айыл аймагында массалык маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
маданий-эс алууну өнүктүрүү программаларынынаткарылышын контролдойт;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин ишин контролдойт;
ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын райионалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
менчик жеткирүүчүлөр тарабынан маданий-кызмат көрсөтүү боюнча келишимдердин аткарылышын контролдойт;
маданий-эс алууну өнүктүрүүнүнбелгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын контролдойт. 3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан аймактын маданий жана эс алуу өнүгүүсүнүн программаларынын долбоорлорун бекитет;
жергиликтүү бюджеттин долбоорун ага аймактын маданий-эс алуусун өнүктүрүү программалары боюнча чыгымдарын кошуу менен бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди бекитет;
маданий-эс алуу уюмдарынын ишинин натыйжаларын баалоонун көрсөткүчтөрүн жана критерийлерин бекитет;
Айыл аймагынын муниципалдык маданий-эс алуу мекемелери тарабынан аткарылуучу муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (жумуштардын) сапатынын көрсөткүчтөрүн бекитет;
муниципалдык маданий-эс алуу мекемелеринин баа саясатын жана тарифтерин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тууралуу айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз аркеттенишүүсү
4.1.Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
укук коргоо органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенишет.
V.“Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактар тарабынан кайтарымсыз берилген каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана жумуштардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
VI. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт