Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрел 2019-жылы
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
23 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) - “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жеке жактарга көрсөтүлүүчү консультациялык-укуктук жана квалификаци ялуу юридикалык жардам;
консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республика-
сынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, укуктарды соттук жана соттон тышкаркы тартипте ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укуктук маселелер боюнча консультацияларды берүү; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардамдашуу; квалификациялуу юридикалык жардам аныктамасына жатпай турган жардамдардын башка формалары;
квалификациялуу юридикалык жардам - жарандык, ад-
министративдик жана жазыктык сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында жарандык, административдик жана жазыктык иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарына мамлекеттин эсебинен өкүлчүлүк кылуу жана/ же коргоо боюнча адвокаттын кесиптик иши;
мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутуму - “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана жактар тарабынан мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүүсүн жана көрсөтүүсүн уюштуруу.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
Айыл аймагынын жарандарын Кыргыз Республикасы кепилдеген юридикалык жардамга тегиз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын консультациялык-укуктук жардамга муктаж болгон жарандарынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоону ишке ашыруу;
мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыздоо;
-Айыл аймагынын жарандарын консультациялык-укуктук жардам менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоону ишке ашырууга.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү программаларынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү программалары боюнча чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
Айыл аймагынын жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү саясатын иштеп чыгат;
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү системасын түзөт жана аны башкарат,
башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктайт. аткаруу жана колдоо функциялары
айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү программаларын аткарууну камсыз кылат;
Айыл аймагынын жарандарын укуктук маалыматтар, укуктук маселелер боюнча кеңеш берүүлөр жана түшүндүрүү иштери менен камсыз кылат;
Айыл аймагынын жарандарына арыз-доо жазууда жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди толтурууда (процессуалдык мүнөздөгү иш кагаздарынан башка) жардам көрсөтөт; - адамга квалификациялуу юридикалык жардам алууга мүм күндүк алуусуна жардам берет;
укуктук жардамдын башка түрлөрүн көрсөтөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
жергиликтүү маанидеги ушул маселе боюнча тапшырмаларды чечүүгө бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат. 3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча программаларынын долбоорлорун бекитет;
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү программасы боюнча чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
айыл өкмөтү иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка ушул жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди бекитет;
Айыл аймагынын жарандарына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү саясатын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- айыл өкмөтүнүн ишине ага жүктөлгөн Аламүдүн айыл аймагында “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маани деги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдары.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген
каражаттарынын; в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт